Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Ош: Майыптарга батир бөлүштүргөн эки кызматкер камалды


Майыптар үчүн курулган үй. Ош.
Майыптар үчүн курулган үй. Ош.

Ошто майыптар үчүн курулган үйдөгү батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзам бузуу үчүн шек саналган эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 2-октябрда алар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына камалды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана “Кызматтык жасалмалоо” деген беренелеринин негизинде айып коюлду.

Буга чейин Ош облустук прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалган эки адам Ош шаардык мэриясынын турак жай-тиричилик комиссиясынын (ТЖК) мүчөлөрү экени кабарланды. Кылмышка шектүүлөр батир бөлүштүрүүдө мыйзам бузбаганын айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG