Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди (сүрөт баян)


Майрамдык концерт учуру.
Майрамдык концерт учуру.

5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди. Өлкөнүн экинчи борборундагы майрамга карата “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестиваль өттү.

Борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү, “Ош - ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулду. Кечкисин стадиондо эстрада ырчыларынын концерти болду.

Ага Кыргызстандын белгилүү ырчыларынан тышкары, коңшу Өзбекстандын да артисттери чакырылды. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат.

Ош - Кыргызстанда калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган шаар. Соңку расмий маалымат боюнча калкынын саны 275 миң 900 адам. Калаанын жака белиндеги тургундарды кошкондо жана ички миграцияны эсептегенде, 500 миңге жетери айтылат. Калаада 12 аймактык кеңеш, 1 айылдык аймактык башкармалык бар.

Ошто кыргыз жана өзбектерден тышкары, орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азери жана башка улуттар жашайт. (SE)

XS
SM
MD
LG