Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

7-октябрда жамгыр жаайт

Ош шаарынын Сулайман тоонун үстүнөн көрүнүшү.
Ош шаарынын Сулайман тоонун үстүнөн көрүнүшү.

7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, күндүз айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...8, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 11…13, күндүз 17…19 градус жылыйт.

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болорун эскертти. 8-10-октябрда күн сууп, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG