Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье дүйнө салды


Монсеррат Кабалье Москвадагы концерт учурунда. 6-июнь, 2018-жыл.
Монсеррат Кабалье Москвадагы концерт учурунда. 6-июнь, 2018-жыл.

Испанияда белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье көз жумду. 

La Vanguardia басылмасы кабарлагандай, 85 жаштагы Кабалье 6-октябрда Барселонада жашоо менен кош айтышты. Сентябрдын аягында ал ооруканага жатканы кабарланган. 

Монсеррат Кабалье 1933-жылы Барселонада жарыкка келген. 1954-жылы Лисео театрынын алдындагы консерваторияны аяктаган. 1960-жылдары ал Европадагы түрдүү опералык театрларда ырдаган. 

El Pais басылмасы Кабальены акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-октябрда болорун маалымдады. 

 

XS
SM
MD
LG