Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы авиаучуулардын коопсуздугуна көңүл бурууга, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатууга чакырды.
Мындай пикирин жарандык авиациянын 85 жылдык мааракесине жолдонгон куттуктоосунда айтылат.
Мамлекет башчы учуулардын географиясын кеңейтүү, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторундагы оңдоо иштери жакшы жүрүп жатканын белгиледи.
"Жарандык авиацияны өнүктүрүү — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик приоритеттүү тапшырмалардын бири болуп белгиленген. Авиациялык ташуулар рыногун өнүктүрүү үчүн аба мыйзамдарын либералдаштыруу аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт", - деп айтылат президенттин расмий сайтындагы билдирүүдө.
Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө 85 жыл толду. Бул дата 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен белгиленген. Кыргызстан эгемендик алгандан соң өкмөт 1994-жылы “7-октябрь – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү” деп бекиткен.
Совет доорунда Кыргызстандын аймагына 86 авиаобъект салынса, учурда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын жетөө учактарды кабыл алат.
Бирок Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапаты, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европанын "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети азырынча оң жакка чечиле элек. Быйыл техникалык мүчүлүштүктөрдөн каттамдар токтотулган же учактар кайра конууга мажбур болгон бир канча учурлар катталды.