Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Румынияда үй-бүлөгө байланыштуу талаштуу референдум өтүп жатат


Румынияда бир жыныстуу никеге каршы өзгөртүүлөр киргизилген Конституция боюнча референдум өтүп жатат.

Сунушталган Баш мыйзамда үй-бүлө куруу тууралуу эрежелерге тактоо киргизилген. Мурдагы Конституцияда үй-бүлө "жубайлардын союзу" деп аталса, жаңы сунушталган вариантында үй-бүлө "эркек менен аялдын гана союзу" деп белгиленген. Аны консерваторлор тобу демилге кылып, абройлуу православ чиркөөсү колдогон.

6-7-октябрга белгиленген референдум өттү деп саналышы үчүн жарандардын отуз пайызы катышуусу керек.

Румыниянын мыйзамдары ансыз деле бир жыныстуу никеге жол бербейт. Укук коргоочулар Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ЛГБТ коомчулугунун укугун одоно бузарын белгилешүүдө. Андан тышкары жалгыз бой эне жана аталарга көйгөй жаратышы ыктымалдыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG