Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстандык режиссердун тасмасы Түркияда байге алды


6-октябрда Стамбул шаарында өткөн "Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалар фестивалында кыргызстандык Жибек Абдуллабаеванын "Аялдын дүйнөсү" тасмасы экинчи орунду ээледи. Студенттер категориясында байгеге жеткен "Аялдын дүйнөсү" тасмасында кыргыз аялдын кызын турмушка узатып жаткандагы ой-толгоосу, тилеги камтылган.

Ал эми биринчи орунга түркиялык жаш режиссер Харун Көйбашынын "Сен адамсыңбы?" деген тасмасы татыктуу деп табылды.

Андан тышкары фестивалдын калыстарынын атайын сыйлыгы кыргызстандык режиссер Тилек Мураталиевдин "1916-жылдагы көтөрүлүш" тасмасына ыйгарылды.

"Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалар фестивалы бул жылы үчүнчү ирет уюштурулуп, сегиз өлкөдөн 140 фильм ат салышкан. (ElB)

XS
SM
MD
LG