Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Премьер туризм саясатын жүргүзүү үчүн өзүнчө орган түзүүнү демилгеледи


Жети-Өгүз өрөөнү - Кыргызстанда туристтерди кызыктырган аймактардын бири.
Жети-Өгүз өрөөнү - Кыргызстанда туристтерди кызыктырган аймактардын бири.

Кыргызстанда 2018-2022-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы өкмөткө сунушталды. Ал 6-октябрда премьер-министр башында турган жыйында талкууланды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдиргендей, программанын негизги милдети - Кыргызстанды чөлкөмдө туризм жаатында алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошуу жана туристтик агымды жыл сайын 10% жогорулатуу.

Расмий кабарга ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди комплекстүү өнүктүрүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү боюнча макулдашылган саясатты жүргүзүү үчүн өз алдынча орган түзүү зарылдыгын белгиледи.

"Бул орган маркетингдик алга жылдырууну ишке ашырат жана туристтик объектилерди натыйжалуу башкарууну камсыздайт. Буга катар туризмди өнүктүрүү аймактардын, айыл чарбанын өнүгүүсүн жана жаңы жумушчу орундарынын түзүлүүсүн шарттайт", – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө сын-пикирлерди эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү программасын толуктап иштеп чыгууну, туристтик тармакты алга жылдыруу боюнча мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын так көрсөтүүнү тапшырды.

Расмий эсепте Кыргызстанга 2017-жылы 4,5 млн. турист келген. Ички дүң өнүмдө туризмдин үлүшү 4-5% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20% жакын. Өкмөт жаңы программа аркылуу 2022-жылга карата аны 10% жеткирүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG