Ооганстандын борбору Кабул шаарында 6-октябрда болгон жардырууда бери дегенде полициянын эки кызматкери мүрт кетти.
Кабул полициясынын басма сөз катчысы Басир Мужахид билдиргендей, жардырууда дагы тогуз адам жараат алды. Алардын алтоо күч кызматкери, үчөө жайкын тургун. Арасында райондук полициянын жетекчиси да бар. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти талиптер алды.
Расмий кабарга ылайык, алгач жолго орнотулган бомба аскер автоунаасына зыян келтирди. Полиция келгенде дагы бомба жарылган. Экинчи жарылуу ошол жерге күч кызматкерлери менен карапайым эл чогулган учурда болгон.
Быйыл январь айынан бери эле Кабулда жыйырмага жакын кол салуу болуп, андан 400дөн ашуун киши мерт кетти.
2014-жылы НАТО аскерлери кеткенден кийин Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" жана башка согушчан топтордун ортосунда кагылышуулар күч алган.