Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:14

Футбол: “Дордой” клубу Кыргызстандын кубогун утту


"Дордой" командасы кубокту уткандан кийин.

Кыргызстандын кубогу үчүн беттеште Бишкектин “Дордой” футбол клубу Оштун “Алай” командасын 3:2 эсебинде жеңип алды.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-октябрда өткөн таймашта "Дордойдон" Бекжан Сагынбаев (эки жолу) жана Миралим Ахмедов, "Алайдан" Акрам Умаров жана Иляс Салимов гол киргизишти.

Кыргызстандагы эки алдыңкы клуб, бири-бирине дайыма атаандаш болуп келген “Дордой” менен “Алай” үчүнчү ирет Кыргызстандын кубогунун финалында беттешип, баарында "Дордой" жеңишке жетти.

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу 1992-жылдан бери өткөрүлөт. “Дордой” аталган кубокту он ирет уткан алгачкы команда. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG