Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

АКШ Тажикстандын чек арасын бекемдөөгө ири өлчөмдө жардам берди


АКШ чек арачыларына берилген автоунаалар.
АКШ чек арачыларына берилген автоунаалар.

АКШ Тажикстандын чек арасын бекемдөөгө баасы 8 миллион доллардан ашкан жабдууларды берди. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, элчилик маңзат ташууга каршы жана терроризм менен күрөшүү максатында көмөк көрсөттү. Жабдуулар 5-октябрда Душанбедеги аскер бөлүктөрүнүн биринде тапшырылды.

Тажик бийлиги АКШнын техникалык жана аскерий колдоосу чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоодо маанилүү роль ойнорун белгилейт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимов бул кызматташтык эл аралык терроризмге каршы күрөштө жардам берерин билдирди.

Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобу жана "Талибандын" активдешүүсүнөн улам коңшу Тажикстанда коопсуздук чаралары дайыма көңүл чордонунда турат.

Тажикстан Ооганстандан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай менен да чектешет.

XS
SM
MD
LG