6-октябрда АКШда Бретт Кавано Жогорку соттун судьясы катары ант берди.
Президент Дональд Трамп тарабынан АКШнын Жогорку сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн Бретт Каванонун талапкерлиги сенатта колдоо тапты.
Аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, коомчулуктун сынына кабылган Каванону "республикачылар" көпчүлүктү түзгөн Сенатта 50 сенатор колдоп, 48и каршы добуш беришти. Анын талапкерлиги республикачылар басымдуулук кылган Сенатта колдоо тапкан учурда сыртта миңдей адам Каваного каршы нааразылык билдирип турду.
Капитолий полициясы 6-октябрда каршылык акциясына чыккан 164 адам кармалганын билдирди. Андан мурун да кармалгандар болгон. Алар демонстрация эрежелерин сактабаганы айтылган.
Бретт Кавано коомчулукта 1980-жылдары аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталууда. Андан жапа чеккенин үч аял жарыялаган. Кавано муну четке каккан.
Демократтар Каванонун бир тараптуу көз карашынан, коомчулуктагы айыптоолордон улам ал Жогорку соттун судьясы болуп шайланууга акысы жок деген пикирде болчу.
Нааразылыктар күчөп турган маалда президент Трамп Каванону жеңиши менен куттуктады.