Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Ал буга чейин ооруп жүргөнү маалымдаган.
Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВС, "Азаттык", ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал.
“Азаттыктын” жамааты Султан Жумагуловдун туугандарына, жакындарына көңүл айтат. (ТSh)