Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:45

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тозот жаңыланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасында жаңы тозот ишке берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык, “Газпром” деп аталган тозотто чек арачылар үчүн казарма баш болгон бардык шарттар түзүлгөн. Аталган тозот Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин шарттарына ыңгайлашуу максатында Орусия берген каражаттын эсебинен жаңыланды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өткөндөр бир топ кыйналган. 2016-жылдан тарта кыргыз-өзбек чек ара бекеттеринде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдетилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG