"Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыркадым" деген Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү президенттик администрациянын алдына пикетке чыкты. Алар Кадыралиевдин үстүнөн жүрүп жаткан соттун создугуп жатканына нааразы. Жолдошевдин айтымында, сот төрт жылдан бери созулуп, ишке чекит коюлбай келе жатат.
- Азыр биринчи инстанция да ишти карап бүтө элек. Октябрь райондук сотунда турат. Өкүм чыга турган мезгилде сотту жылдырып жатышат. Бир туруп "Ошко которобуз" дейт, же ал жакка жибербейт, же Бишкектен бүтүрүшпөйт. Ошондуктан президентке кайрылып ишти тездетип берүүнү суранып жатабыз, - деди Жолдошев.
Жолдошев Кадыралиев прокуратурада иштеп турганда Ошто үйүн, ашканасын алдырып жиберип, жалпысынан 230 миң долларга зыян тартканын айтып жатат.
2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери боюнча иш козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоого милдеттенген тил кат менен жүрөт.
Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатышат.