Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Кабулга барды


Теги ооган, америкалык дипломат Залмай Халилзад. 10-август, 2008-жыл.
Теги ооган, америкалык дипломат Залмай Халилзад. 10-август, 2008-жыл.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулга келип, “Талибан” кыймылы менен тил табышып, тынчтыкка жетишүүнүн жолун талкуулайт.

67 жаштагы Халилзад - теги оогандык америкалык элчи, Кабулда жана Иракта АКШнын элчиси болгон. Сентябрда Мамлекеттик департаменттин «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана элдештирүү тобун жетектөөгө дайындалган.

Ооган президентинин басма сөз катчысы Халилзад Кабулга келээри менен Ашраф Ганиге кезиккенин билдирди. Бүгүн ал ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү жана дипломаттар менен жолугуп жатат.

Мамлекеттик департамент билдиргендей, Халилзад «Талибан» кыймылын сүйлөшүүлөргө көндүрүүнү координациялайт.

Америкалык дипломат 4-14-октябрда Ооганстанга, Пакистанга, Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Сауд Арабиясына барчу атайын делегацияны да жетектейт.

Халилзаддын сапары Ооганстанда парламенттик шайлоо алдында «Талибан» жана «Ислам мамлекети» кыймылы күч алган маалга туш келди.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын биринчи жарымында мурунку жылдын ошол маалына салыштырганда карапайым адамдардын өлүмү 52% же 149 кишиге жеткен. 200дөн ашуун киши жарадар болгон.

Ооганстандагы НАТОнун операциясы 2014-жылы аяктаган. 2015-жылдан тартып эл аралык күчтөр согуш операцияларына эмес, ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууга гана катышат.

XS
SM
MD
LG