Бразилиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында ашынган оңчул көз караштагы Жаир Болсонару алдыга чыкты. Ал добуштардын 46,3% алды. Анын негизги атаандашы, солчул Эмгекчилдер партиясынын талапкери Фернанду Аддад 29% добуш топтоду.
Талапкерлердин бири да 50% ашуун добуш жыйнай албаганына байланыштуу 28-октябрда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Анда президенттик кызмат үчүн аталган эки негизги талапкер ат салышат. Аддад өлкөдө "демократия коркунучта" экенин белгилеп, бразилиялыктарды солчулдарга жан тартууга үгүттөп жатат.
Ал эми Болсонару шайлоо өнөктүгүндө жыныстык азчылыктарды, иммигранттарды басмырлап сүйлөп, ошол эле учурда АКШ менен жакшы алакада болууну көздөп келет. Мурдараак өткөрүлгөн социалдык сурамжылоолордо караганда, Болсонару шайлоонун экинчи айлампасында утулаары божомолдонгон.
Бразилиянын буга чейинки эки президенти Лула да Силва менен Дилме Русефге коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, алар тиешелүүтүрдө 12 жана 9,5 жылга эркинен ажыратылган. Азыр экөөнүн тең иши жогорку инстанциянын кароосунда турат.