Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:32

Бразилияда саясий жаңжал импичментке жетти


Бразилиянын президенти Дилма Русеф.
Бразилиянын президенти Дилма Русеф.

Бразилия парламентинин төмөнкү палатасы президент Дилма Русефке импичмент жараянын баштоону чечти. 17-апрелдеги добуш берүүдө бул үчүн жетиштүү добуш берилгени кабарланды. Эми маселени Бразилиянын Сенаты кароого киришет.

Бразилия мыйзамдарына ылайык, президентке ишеним көрсөтпөө жараянын Улуттук Конгресстин төмөнкү палатасы баштай алат. Ал үчүн 513 орундуу палатанын 3/2 добушу керек.

Жекшемби күнү добуш берүүдө ишеним көрсөтпөө жараяны үчүн керек болгон 342ден көп добуш берилгени маалым болду. Башкача айтканда, президентти кызматтан кетирүүгө 367 депутат добуш берген. Русефтин тарапкерлери азчылыкта калган.

Бразилиянын төмөнкү палатасы
Бразилиянын төмөнкү палатасы

Эми маселени Бразилиянын жогорку палатасы - Сенат кароого киришет. Сенат импичмент маселесин карап жатканда президентти 180 күнгө кызматтан четтетип тура алат.

Дилма Русефти парламенттин төмөнкү палатасы мамлекеттик бюджеттин абалы боюнча туура эмес маалымат берген деп күнөөлөгөн. Ошондой эле Дилма Русефке Бразилиянын мамлекеттик ири мунай компаниясы Petrobas ишканасынын айланасындагы коррупция боюнча да шек-күмөн жаралууда.

Дилма Русеф өз кезегинде каршылаштарын мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенүүдө деп айыптоодо.

Жекшемби күнү Бразилиянын төмөнкү палатасы маселени карап жатканда президент Русефтин колдоочулары да, аны кызматтан кетирүүнү талап кылгандар да көчөгө чыгышты. Полиция миңдеген каршылаш тараптардын кагылышуусуна жол бербеш үчүн эки ортону бийик тосмо менен бөлдү.

Бразилиянын башкы прокурору Хосе Эдуардо Кардозо парламенттеги добуш берүүдөн кийин сүйлөп, буларды билдирди:

- Президент Русеф демократиянын алкагында жана Конституциянын талаптарын бузбаган бардык чечимдерди кабыл алууга жана сүйлөшүүгө даяр. Ал эмнени эч качан кабыл албайт? Конституцияны бузуу жолу менен мамлекеттик төңкөрүшкө жол берүүнү.

Башкы прокурор ошондой эле бардык маселе эми Сенатта чечилерин кошумчалады:

- Сенатта башкача болот. Анткени биз Сенатта далилдерди келтире алабыз. Ал жерде судья болот. Баары мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

2010-жылы президент болгон Дилма Русеф 2014-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Ал эки жолкусунда тең экинчи турда жеңишке жетишкен.

2014-жылы октябрда шайлоонун экинчи турунда Русеф 51.48% добуш алса, атаандашы Аэсиу Невас 48.52% добуш менен артта калган.

Дилма Русеф Бразилиянын мурунку президенти Лула да Силванын администрациясын жетектеген. Кийин анын мураскери болуп, президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Бразилиядагы коррупциялык жаңжалда Лула да Силва да айыпталып, анын үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Март айынын башында өзү сурак берип чыккан. Мына ошондон кийин президент Дилма Русеф Лула да Силваны өзүнүн администрация башчысы кызматына дайындаган. Президенттин оппоненттери Лула да Силваны мындай жогорку кызматка дайындоо менен Русеф өзүнүн пикирлешин жоопкерчиликтен куткарып кетти деп айыпташкан.

Бразилия: президентке импичмент жарыялоо
Бразилия: президентке импичмент жарыялоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Бразилиянын төмөнкү палатасында 18 партиянын өкүлдөрү бар. Алардын ичинен эң көп мандатка президент Русефдин Жумушчулар партиясы ээ. Бул партиянын 70 мандаты бар. Экинчи орунда Бразилия демократиялык кыймылы партиясы 66 мандаты менен турат. Бул партиянын лидери Мишел Темер. Ал вице-президент.

Эгерде Русефке карата жүргүзүлүп жаткан импичмент ишке ашса, анда Мишел Темер президенттин милдетин аткарууга тийиш.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG