Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Бразилияда ири демонстрациялар өтүүдө


Полиция аларды ташбараңга алган демонстранттарга от бүркүүдө. Амазон дарыясынын куймасындагы Белем шаары. 20-июнь 2013
Полиция аларды ташбараңга алган демонстранттарга от бүркүүдө. Амазон дарыясынын куймасындагы Белем шаары. 20-июнь 2013

Бразилияда бейшемби күнү да акыркы 20 жылдагы эң чоң демонстрациялар уланды.

Жүздөн ашуун шаарда демонстрацияга чыккан калайман журт Бразилия өкмөтүнүн социалдык саясатына, ээ-жаа бербеген коррупцияга жана Дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү үчүн ашыкча кымбат долбоорлордун курулушуна нааразылык айтып, 2014-жылкы дүйнөлүк чемпионатка билеттин наркын арзандатууну талап кылышты.

Кээ бир шаарларда полиция менен кагылышуулар болуп, полиция чээнден чыккан бейбаштарга каршы көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонду. Сан-Паулу шаарында демонстранттар бууган жолдон өтмөк болгон айдоочу 18 жаштагы манифестантты басып кетти.

Ордолуу Бразилиа шаарында демонстранттардын тобу эки ирет Тышкы иштер министрлигин басып алганга аракет кылып, полиция аларды араң токтотту.
Бирок дүйнөлүк архитектуралык мураска кирген имаратка демонстранттар койгон оттон зыян келтирилгени кабарланды.

Бразилиа шаарынын жашоочусу Паулина демонстрациялар тынч өткөнүн жактайт:

- Мен демонстрация эч кандай бейбаштык жасалбай, тынч жана полицияны урматтоо менен өткөнүн колдойм. Себеби полиция түпкүлүгүндө биз тарапта. Анткени алар бейбаштыктан улам өз кызматын таштап кете албайт.

Бразилиянын эң чоң Сан Пауло шаарындагы нааразылык акциясы кезде башка бир демонстрант тарабынан кол салынып, жараат алдым деген манифестант топту калтырып бараткан кез.
Бразилиянын эң чоң Сан Пауло шаарындагы нааразылык акциясы кезде башка бир демонстрант тарабынан кол салынып, жараат алдым деген манифестант топту калтырып бараткан кез.
Ал эми Рио-де-Жанейронун атын атабаган тургуну:

- Ким зобун зордук кылууда? Полиция. Алар газ атууда. Бул адамдар ушул жерде жашайт. Баарынын үй-бүлөсү, балдары бар. Арабызда улгайган курактагылар да бар. Алардын баары өз укуктары үчүн күрөшүүдө. Биз адилеттиктен башка эч нерсени талап кылбайбыз, - дейт.

Сан Паулу жана Рио-де-Жанейронун мэрлери автобуска жана метрого жол акысын арзандатканга макулдук берди. Жол акыны төмөндөтүүдөн Рио-де-Жанейро жылына 225 миллион доллар чыгым тартат.

Легендарлуу Пеле миңдеген демонстранттарды көчөлөрдө топтолбой, көңүлдү Футбол конфедерациясынын кубогу үчүн жүрүп жаткан оюндарга бурууга үндөдү. Атактуу футболисттин кайрылуусун социалдык медиаларда шылдыңга алышып, "эгер Пеле шаардык унаа менен жүрсө, минтип сүйлөмөк эмес" деп сындашты.

Манифестанттардын талабын Бразилиянын улуттук командасынын коргоочусу Дэвид Луис жактады.

- Адамдар өз өлкөсүндө болуп жаткан нерселерге ыраазы болбосо, өз көз карашын айтканга жана протест билдирүүгө акылуу. Бул натуура иштерге көңүл буруунун жападан жалгыз жолу. Мен азыр Бразилияда жашабайм, бирок өз өлкөмдү сүйөм. Бразилиялыктар өлкөсүн сүйгөндүктөн демонстрациялар болууда,-деди азыр Лондондун “Челси” командасында ойногон футболист.

Бразилиядагы нааразылык чыгуулар өткөн аптада шаардык транспортко баанын кымбатташына жана салыктын өлчөмү ашыкча чоң экенине каршы демонстрациядан башталган. Кийинчерээк манифестанттар жемсөөлүккө каршы күрөштү күчөтүү, футбол чемпионатына билеттердин баасын төмөндөтүү, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин каржылоону көбөйтүү жөнүндө да талап коюшкан.

Бразилияда мындай көп эл катышкан көчө жүрүштөр акыркы ирет 1992-жылы болгон. Анда экономикалык кризиске жана коррупцияга нааразы эл президент Фернандо Колорадо де Мелуга импичмент жарыялоону талап кылган.

Апта башында президент Дилма Русеф коомдук тейлөөнүн жакшыртылышы жана бийлик жоопкерчиликтүү болушу керек экенин моюнуна алган. Анан да манифестанттардын көчөгө чыгып, талаптарын айтып жатканын “өлкөдөгү демократиянын кубатын даңазалоо” деп баалаган. Русеф айым бүгүн өкмөт мүчөлөрү жана күч органдарынын жетекчилери менен кезексиз жыйын курат. Келерки жумада Жапонияга болчу сапарын да токтотту.

XS
SM
MD
LG