Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Евробиримдик Орусияны Сенцовду тезинен бошотууга үндөдү


Орусиянын түрмөсүндөгү Олег Сенцов. 29-сентябрь, 2018-жыл.
Орусиянын түрмөсүндөгү Олег Сенцов. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Европа Биримдиги орус бийлигин түрмөдө отурган украин режиссеру Олег Сенцовду бошотуп, ал ачкачылыкты токтоткондон кийин зарыл медициналык жардамды көрсөтүүгө үндөдү. Режиссер абакта 145 күн ачкачылык кармады.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемеси өз билдирүүдө аннексияланган Крымдын аймагында мыйзамсыз кармалган украин жарандарын бошотууга чакырган.

Билдирүүдө украин режиссеру абактагы нааразылык акциясында «кайраттуулугун жана өз өмүрүн өлүмгө сайып койгон каармандыгын» көрсөтө алганы айтылат.

5-октябрда түрмөдөгү режиссер 145 күн кармаган ачкачылык акциясын токтоткон. Ал 20 кг салмагын жоготконун, саламаттыгынан айрылганын, бирок максатына жетпегенин жазып, өзүн колдогондорго ыраазычылык билдирген.

2015-жылы Орусиянын соту Олег Сенцовду аннексияланган "Крым жарым аралында теракт даярдаган" деп 20 жылга эркинен ажыраткан. Режиссер күнөөсү жоктугун айтып келет. Акыркы айларда Сенцовду бошотууну талап кылып маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG