8-10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, жайлоолордо жана тоо этектеринде жаан карга айланат, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-3, күндүз 8...13,
Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.