Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) абакта отурган, "Мемориал” укук коргоо борборунун Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Оюб Титиевге Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты ыйгарды. Бул тууралуу ПАСЕнин дүйшөмбүдө Страсбургда ачылган жыйынында уюмдун төрагасы Лилиан Мори Паскье жарыялады.
Жыйында Оюб Титиевдин билдирүүсү окулду. Анда укук коргоочу Чеченстанда өкүм сүрүп жаткан “мыйзамсыздык”, жасалма кылмыш иштеринин козголушу, кыйноого жана мазактоого кабылгандар жөнүндө билдирет.
Титиев өзүнө тагылган айыпты анын чечен согушунда дайынсыз болгондорду издөө жана кылмышка күнөөлүүлөрдү табуу аракети менен байланыштырат. Ошондой эле киши колдуу болгон Наталья Эстемированы да эске салган.
“Мемориал" уюмунун Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев “баңгизат ташыган” деген кине менен 9-январда Чеченстанда кармалган. Анын тарапкерлери ишти жасалма деп эсептешет. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайлап баңгизат салынганын айтып, тагылган айыптарды четке кагууда.
Эгер укук коргоочуга коюлган кинелер далилденсе, Титиев кеминде 10 жылга кесилип кетиши ыктымал.
Титиевдин камалышы боюнча ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга үндөшкөн.