Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Кыргыз Республикасында кыйноонун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери" аттуу изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Изилдөөнүн жыйынтыгында кыйноого туш болгон адамдын материалдык чыгымдары эсептелип чыккан. Ага ылайык, кыйноого кабылган адамдын алган жараатына жараша чыгымдар бөлүнгөн.

Мисалы, жабык жайда зордук-зомбулукка дуушар болуп, оор жараат алган адам бир жылда 4 миллион сомдон ашык каражатты дары-дармекке, дарыланууга жана башка чыгымдарга жумшаса, мамлекет 2 миллион 600 миң сомдон ашык чыгым тартат.

Изилдөө авторлорунун айтымында, жыл сайын кыйноого дуушар болгондорго миллиондук кенемте төлөнөт.

Ошол себептен кыйноонун курмандыгы болгондордун жана коомдун экономикалык кесепеттерин эсептеп чыгуу муктаждыгы келип чыккан. Айрым эксперттердин айтымында акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратура органдарына кыйноо тууралуу арыз жазган.

Изилдөө "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен Кыргыз Республикасынын Кыйноого каршы борбору тарабынан жүргүзүлдү.(BkA/KR)

XS
SM
MD
LG