Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Украинада ок-дары кампасы жарылып 10 миңдей адам эвакуацияланды


Ок-дары кампасындагы жарылуулардан  кийинки  түтүн. 9-октябрь, 2018-жыл.
Ок-дары кампасындагы жарылуулардан кийинки түтүн. 9-октябрь, 2018-жыл.

Украин бийлиги билдиргендей, бир нече жарылуу өлкө борбору Киевден 180 чакырымдай жерде жайгашкан ок -дары кампасында болду. Андан жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшө элек. 

700 гектардай аянтта жайгашкан кампада жарылуулар жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңкы саат 3:30тарда башталган.

Мындан улам бийлик өкүлдөрү убактылуу 30 чакырым радиустагы аба мейкиндигин, темир жолдорду жана автоунаа жолдорун жабышты.

Буга чейин былтыр март айында да Харьков шаарынын жанындагы ок-дары кампасындагы жарылуу менен өрттөн 20 миңдей киши эвакуацияланган. 

Андан мурда, 2017-жылдын сентябрында Винница деген шаарда аскердик кампа жарылып, 30 миңдей киши көчүрүлгөн.

Украин бийлиги аскердик кампалардагы өрт менен жарылууларды “саботаж” деп атаган. (UE)

 

XS
SM
MD
LG