Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Тажик-өзбек чек арасын минадан тазалоо иштери башталды


Тажикстандык сапер. 2011-жылкы сүрөт.
Тажикстандык сапер. 2011-жылкы сүрөт.

Бул тууралуу тажик тарап билдирүүдө. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара күчтөрү боюнча башкы башкармалыгы кабарлагандай, минадан тазалоо иштери Согди облусунун Самарканд облусу менен чектешкен Пенжикент районунда башталды.

Тажик-өзбек чек арасынын канча аянты миналанганы тууралуу маалымат азырынча жашыруун. Расмий эмес эсептерге караганда, эки өлкөнүн чек арасында мина көмүлгөн аймактардын жалпы аянты 9,5 чарчы чакырымга барабар.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга быйыл мартта алгачкы мамлекеттик сапары менен барганда эки өлкө орток чек араны минадан тазалоону 2019-жылдын соңуна чейин аяктоону макулдашкан.

Өзбекстан Тажикстан менен чек арасынын тоолуу бөлүктөрүн өткөн кылымдын 90-жылдарында миналаган. Расмий Ташкент анда өз кадамын өлкө аймагына “Өзбекстан ислам кыймылынын” согушкерлери киришине бөгөт коюу максаты менен түшүндүргөн.

Тажикстандын Улуттук борборунун эсебинде акыркы 20 жылда, чек ара аймактарында минага кабылып, 374 жарандын өмүрү кыйылса, 485и жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG