Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:15

Арменияда премьер Пашинян бир партия менен мөөнөтсүз шайлоону макулдашты


Гагик Царукян жана Никол Пашинян меморандумга кол койгон учур. 8-октябрь, 2018-жыл.
Гагик Царукян жана Никол Пашинян меморандумга кол койгон учур. 8-октябрь, 2018-жыл.

Арменияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоону быйыл декабрда өткөрүү боюнча биргелешкен меморандум кабыл алынды. Ага премьер-министр Никол Пашинян жана “Гүлдөгөн Армения” партиясынын, “Царукян” парламенттик фракциясынын лидери Гагик Царукян 8-октябрда кол коюшту.

Ага ылайык, парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү, Улуттук кыймылды таратуу максатында премьер-министр кызматтан кеткен шартта “Царукян” фракциясы өкмөт башчылыкка талапкер көргөзбөөгө, башка талапкерге жардам бербөөгө милдеттенме алат.

105 орундуу жана көпчүлүгүн мурдагы президент Серж Саргсяндын Республикалык партиясынын өкүлдөрү түзгөн армян парламентинде “Гүлдөгөн Армения” партиясынын 31 мандаты бар. Армениянын Конституциясы боюнча премьер-министр кызматтан кетип, парламент жаңы өкмөт башчыны шайлай албай койсо ал таратылат. Премьер-министр Пашинян жаңы шайлоону декабрда өткөрүш үчүн ушундай планы бар экенин буга чейин ачыкка чыгарган. Бирок Пашинян өзү 9-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, парламентти премьердин кызматтан кетиши аркылуу таратуу азырынча “акыркы сценарий” эмес экенин белгиледи.

Бийликке быйыл апрелде элдик толкундоолордун аркасында келген Пашиняндын “Менин кадамым” аттуу блогу өткөн айда Ереван шаарындагы муниципалдык шайлоодо добуштардын 81% алып, жеңишке жетишкен. Ошондон кийин Пашинян мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү көздөп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG