Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Ооганстанда “Талибандын” чабуулунан 12 кишинин өмүрү кыйылды


"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, ок атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы, 16-июнь, 2018-жыл.
"Талибандын" согушкерлери Орозо айтта, ок атышуу токтогон учурда. Нангархар провинциясы, 16-июнь, 2018-жыл.

Кандуу кол салуу өлкөнүн түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында болду. Расмий маалыматка караганда, курман болгондордун баары күч түзүмдөрүнүн адамдары.

Провинция полициясынын башчысы, генерал Факр Мохаммад Жаузжанинин айтымында, 8-октябрдын кечиндеги кол салуудан дагы он киши жарадар болгон.

Полиция башчысы ырастагандай, провинция райондорунун бири үчүн "Талибан" менен болгон атышууда 30 согушкер жок кылынып, 19у жарадар болгон.

Жаузжан провинциясындагы соңку кол салууну "Талибан" уюштурганын бул уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид ырастады.

Ооганстанда быйыл 20-октябрда көптөн бери күтүлгөн парламенттик шайлоо өтөт. Анын утурлай Ооганстандын ар кайсы аймактарында “Талибан” менен катар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу да чабуулдарын күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG