Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча соттук иш 16-октябрга жылдырылды.
Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугу себеп болду. Буга байланыштуу ишти карап жаткан судья Алмаз Калдыбаев кийинки отурумду 16-октябрга белгиледи.
21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган.
Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалаган.
Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтып келатышат. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат.
Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган. 5-июндан бери УКМКнын Тергөө абагында камакта отурат. (BkA/BTo)
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө