Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

ЭВФ: АКШнын санкцияларынан улам Ирандын экономикасы рецессияга түшөт

Тегерандагы базар. 4-октябрь, 2018-жыл.
Тегерандагы базар. 4-октябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) билдирди. Уюмдун кайра каралган жаңы божомолуна караганда, АКШнын санкцияларынан улам Ирандын экономикасы рецессияга быйыл эле кирет, ал эми келерки жылы кырдаал мындан да начарлайт.

Мунай экспорту азайышынан улам Ирандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл 1,5%, келерки жылы 3,6% чейин азайышы күтүлөт.

АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл август айында калыбына келген, ал эми экинчи, мунай-газ секторун бутага алган баскычы ноябрь айында күчүнө кириши күтүлүп жатат.

Санкциялар болсо АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенинен улам калыбына келүүдө.

Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү бул келишимден чыкканын жарыялаганда, ага Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдө террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

Иран президенти Хасан Роухани өткөн айда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурда АКШнын санкцияларын “экономикалык терроризмге” барабар иш катары мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG