9-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы коррупция бар деген тармактар текшерилип, паракорчулук менен күрөшүү максатында курулуш жаатында бардык иштердин ачык болушу каралып жатканын билдирди.
Баш калаанын башчысы Суракматов курулуш тармагында коррупциялык иштер менен күрөшүүгө жаңы мыйзамдарды карап чыгуу зарыл экендигин айтты. Ал Архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери айрым учурда кандайдыр чечим чыгаруудан коркуп жатышканын да белгиледи.
Коомчулукта "курулуш тармагын көзөмөлдөөчү органдарда коррупция тамыр жайган" деген сын айтылып жүрөт. (TSh)