Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ошто жана Бишкекте атайын айыл чарба лабораториялары курулат


Ноокаттагы алма фестивалы.
Ноокаттагы алма фестивалы.

Ош жана Бишкек шаарларында органикалык айыл чарба азыктары үчүн атайын лабораториялар курулат. Бул тууралуу бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан бизнес жыйында айтылды. Анда органикалык айыл чарба азыктарын экспорттоо маселеси талкууланууда.

Кыргызстандын Инвестицияларды коргоо жана өнүктүрүү агенттиги уюштурган жолугушуунун соңунда бир катар келишимдерге кол коюлат. Агенттиктин төрагасынын орун басары Сыргак Кенжебаев:

- Азыр дүйнөдө органикалык айыл чарба өндүрүмүнө болгон суроо-талап чоң. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктардын баары эле органикалык. Ошондуктан биздин товарларга талап дайым болуп турат, - дейт.

Кытайдан, Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн келген инвесторлор Кыргызстандын агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүп, экспортту жолго салуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Инвестициялык каражаттар жөн гана акчалай эмес, жергиликтүү дыйкандарга жардам берүү аркылуу өздөштүрүлөрү айтылууда.

Органикалык деп синтетикалык семирткич жана кошулмасыз өстүрүлгөн таза айыл чарба азыктары аталат. (KR)

XS
SM
MD
LG