Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү азайды


Кыргызстандагы өндүрүштөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрында 168 млрд. сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7% кемиди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өнөр жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өндүрүштүн артка кетишинин себеби металл рудаларынын (65,9%) жана баалуу металлдардын (8,9%) көлөмдөрүнүн азйаышы менен байланыштуу. Ал кошумчалагандай, кен өндүрүү негизинен "Кумтор" алтын кенинде азайган.

Буга чейин айтылгандай, өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү жыл башынан бери ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 19%ын түзгөн. Ал эми ИДӨнүн көлөмү жалпы тогуз айда 368,4 млрд. сомго жеткен. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG