Криминалдык милиция кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин атышуусу боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.
Анын айтымында, окуя Кылмыш иликтөө кызматынын майрамында, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон. Алгач 102 номуруна жашоочулардан кабар түшүп, ыкчам топ барып териштирүү жүргүзгөн.
Факт кылмыш китебине катталды. ИИМдин кызматтык иликтөөсү уланууда, юридикалык баа берүү жана объективдүү иликтөө үчүн топтолгон материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди. Окуяга канча кызматкер катышканы тергөө учурунда аныкталат.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Кылмыш иликтөө кызматынын майрамында райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин баарына табелдик тапанчаларын убактылуу тапшырып турууга буйрук берилгени кабарланган.
12-сентябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндөгү "Империя пиццы" кафесинде жаңжал чыгып, милиция кызматкери кафенин коногуна ок атканы кабарланган. Алар да Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери экени такталып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. (ErN)