Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:19

Индонезияда кырсыктан кийинки куткаруу иштери токтотулат


Табигый кырсыкта үч баласынан ажырап, үй-жайын жоготкон аял. 7-октябрь, 2018-жыл.
Табигый кырсыкта үч баласынан ажырап, үй-жайын жоготкон аял. 7-октябрь, 2018-жыл.

Индонезияда сентябрдын соңунда болгон табигый кырсыктан кийинки издөө-куткаруу иштери ушул бейшембиде токтотулат. Катуу жер титирөөдөн жана андан кийин башталган цунамиден кырылгандардын саны эки миңден ашты, беш миңдей кишинин дайыны дагы эле белгисиз. Алардын көбү урандылардын алдында калышы мүмкүн экендиги айтылууда.

28-сентябрда Сулавеси аралында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан кийин бийиктиги үч метрге жеткен толкундар жээктеги шаар-кыштактарга уруп, миңдеген имараттар кыйрап калган. Үй-жайсыз калган 70 миңдей адам убактылуу лагерлердеги чатырларда баш калкалап жатышат. Таза суу, тамак-аш жана дары-дармек жетишсиз. Бийлик чет өлкөлүк адистерге суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө уруксат берди.

XS
SM
MD
LG