Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

11-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Ала-Арча.
Ала-Арча.

11-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3 градус үшүк жүрөт. 

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 11-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунун айрым жерлеринде жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градус жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG