Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Флорида штатына "Майкл" шамалы жакындап калды


Жергиликтүү тургундар шамалдан коргонуу чараларын көрүп жатышат. 9-октябрь, 2018-жыл.
Жергиликтүү тургундар шамалдан коргонуу чараларын көрүп жатышат. 9-октябрь, 2018-жыл.

Флорида штатынын түндүк-батышына жетип калган «Майкл» шамалы күчөп, кубаты үчүнчү даражага жетти. Синоптиктер шамал Панхендл аймагынын жээгине 10-октябрь түштөн кийин жетерин боолголоп жатышат. Шамалдын ылдамдыгы саатына 195 чакырымга жетүүдө.

Бийлик Алабама жана Флорида штаттарынын түмөндөгөн тургундарына эскертүү берип, коопсуз жайларга чыгып кетүүгө үндөп жатат. Ал эми Флориданын губернатору Рик Скотт "Майклды" «абдан кооптуу шамал» катары мүнөздөп, табигый кырсык штаттын бир канча районун кыйратып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG