Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ингушетия: Чек ара боюнча талаштуу добуш берүү өтпөй калды


Нааразылык акциясында коопсуздукту көзөмөлдөгөн күч органдарынын кызматкерлери.
Нааразылык акциясында коопсуздукту көзөмөлдөгөн күч органдарынын кызматкерлери.

Ингушетияда Чеченстан менен талаштуу чек араны аныктоо боюнча добуш берүүгө депутаттар келбей койду. Жыйын башталарда 17 депутаттын 12си гана каттоодон өткөнүн «Интерфакс» агенттиги кабарлады.

26-сентябрда Ингушетия менен Чеченстандын башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров эки аймактын ортосундагы чек араны бекитүү боюнча келишимге кол коюп, 4-октябрда Ингушетиянын парламенти макулдашууну жактырган.

ТАСС маалымат агенттиги ратификацияны 25 депутаттын 17си колдогонун, үчөө "каршы" чыгып, калгандары "калыс" болгонун кабарлаган.

Алгач Ингушетия Малгобек районунан жер берип, Чеченстандын Надтереч районуна тең жер алаары айтылган. Бирок кийин чечендерге Сунжен районунан аймак берилгени аныкталып калган.

Буга удаа Ингушетиянын борбору Магаста Чеченстан менен жер алмашууга каршы болгондордун акциясы башталган.

XS
SM
MD
LG