Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

"РухЭш" сайты Айтматов боюнча сынак жарыялады

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Маданий макалаларды жарыялаган "РухЭш" сайты өлкө боюнча мектеп окуучуларынын арасында “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” деген темада дилбаяндар сынагын жарыялады. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакир билдирди.

Сынактын максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчектерди эне тилинде жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу.

Сынакка 11-класска чейинки бардык окуучулар катыша алат. Дилбаяндар ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине 2019-жылдын 10-майына чейин кабыл алынып, жыл аягында жыйынтыгы чыгат.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган. Залкар жазуучунун 90 жылдыгын эскерүү мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде өтүп, бир катар өлкөлөрдө белгиленүүдө.

Жазуучунун урматына "Азаттык" радиосу окурмандар, угармандар, көрөрмандардын арасында "Мен билген Айтматов" аттуу сынак жарыялап, атайын чакан сайт ачылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG