Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Адвокат: Салянованын инисинин өлүмү кайра тергелиши керек


Улан Саляновдун үйү.

10-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу адвокат Рабига Сыдыкова маалымдады.

Адвокаттар "саясий буюртма" деген мотив кайрадан каралып чыгышы керек экенин белгилеп, кылмыш ишин тергөөгө жиберүүнү өтүнүшкөн. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​

Ошто ишкерди карактоо боюнча шектүүлөрдүн бири парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан адамдардын бири болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 12-сентябрдагы маалыматында белгиленген.

Аида Салянова "Азаттыкка" билдиргендей, бул адам Улан Саляновдун өлүмүнө чейин да кылмыштарга барганы белгилүү болгону менен кармалбай жүргөн.

ИИМ бул кылмышка байланыштуу үч кишиден шек саналып жатканын кабарлаган. Алар - Э.Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Министрликтин маалыматына караганда, Э.Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалган.

Мекеме үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалганын, аны экстрадициялоо тууралуу орус тарапка өтүнүч жиберилгенин 12-сентябрда кабарлады.​ Салянова инисинин өлүмү саясий буюртма болушу мүмкүн деп эсептейт. Милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG