Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өлкөдөгү 250 айыл өкмөткө жашылча жана мөмө-жемиштерди сактоочу кампаларды курууну сунуш кылып жатат. Бул тууралуу министрликтин айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча программасында айтылат.
500 тонналык кампалар аймактын шартын эске алып, муздаткычтары менен курулушу керек. Мындай кампалар Евразия Экономикалык Биримдигинин талабына шайкеш келишин камсыздайт.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон. Бийлик "бул уюм Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого шарт түзөт" деп убада берген. Анткен менен үч жылдан бери ата мекендик дыйкан-фермерлер экспорт маселесинде бир катар кыйынчылыктарга туш болуп, үч жыл мурдагы үмүт акталбай жатканын айткандар бар. (ТSh)