Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:57

Вашингтондo өлүм жазасы жокко чыгарылды


Вашингтон.
Вашингтон.

Вашингтон аймагынын жогорку соту өлүм жазасын жокко чыгарды. Ага чейин мындай жазага мораторий киргизилген.

"The Washington Post" гезити "соттун бүтүмүнө ылайык, өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылат" деп жазат. Штаттын абактарында буга чейин өлүм жазасына кесилген сегиз киши отурат.

АКШнын 30 штатында жана федералдык мыйзамында өлүм жазасы киргизилген.

Вашингтон аймагы мындай жаза колдонулбаган 20-штат болуп калды. АКШда соңку жылдары өлүм жазасына чечим чыккан учурлар кескин азайган. (TSh)

XS
SM
MD
LG