Ош шаарында кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын форуму өтүп жатат. Иш-чара "Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Дүйнөлөшүү доорунда биримдикте жашоо" деп аталат.
Форумга эки өлкөнүн окумуштуулары, чыгармачыл өкүлдөр катышууда. Алар алгач Ош шаарына экскурсияга барып, Сулайман-Тоо музейин, Ош облустук сүрөт музейин, Чыңгыз Айтматов наристе чагында барган бала бакчаны көрүштү.
Бүгүн Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан баяндамалар жасалып, кыргыз-казак илимий жана чыгармачылык байланышы тууралуу сөз болуп жатат.
Иш-чараны президенттик аппарат, Эл аралык түрк академиясы жана Ош мамлекеттик университети чогуу уюштурду. (ZA)