Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Аял судьялар киши сатуунун курмандыктарын коргоо маселесин талкуулап жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аял судьялар ассоциациясы бүгүн киши сатуунун курмандыгы болгондордун укуктарын коргоо маселесин талкуулап жатышат. Уюмдун маалыматына караганда, жыйын Токмок шаарында өтүүдө. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат. Жыйында 2014-2017-жылдар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы айтылып, талкууга алынат.

Кыргызстанда Аял судьялардын ассоциациясы 2015-жылы түзүлгөн. Анын курамында 20дан ашуун мүчө бар.

Бир жылда кыргыз жарандары кулчулукка кабылганына байланышкан 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук тартибин коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесине ылайык, киши сатуу менен шугулдангандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат. (RK)

XS
SM
MD
LG