Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн адам өкүнүп жатканын айтууда


Алымбек Абдыкалыков.
Алымбек Абдыкалыков.

Илбирстин терисин жамынып түшкөн сүрөтү Интернетте талкуу жараткан адам Ош шаарынын тургуну Алымбек Абдыкалыков экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Абдыкалыков 2014-жылы Москвадан келе жатып Алматыда досунун үйүндө конокто болгонун, сүрөт ошондо тартылганын айтып берди жана өкүнүп жатканын билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Ички иштер министрлиги менен бирге билдирүү таратып, сүрөт алардын WnatsApp номерине келип түшкөнүн, ошол адамды табууга коомчулуктун жардамы керек экенин 11-октябрда билдирген.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2017-жылдан бери илбирсти мыйзамсыз кармагандарга 1,5 миллион сом айыппул салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралгандай, жандыкты туткандар же аткандар эки жылга чейин жатак абакка кесилип, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG