Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Эрлан Абдылдаев ТИМдин жетекчилигинен кеткенин жарыялады


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министр кызматынан кеткенин жарыялады. Бүгүн ал жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү таратып: “Министр болуп алты жыл иштеп, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Мамлекет башчысы аны кабыл алды. Кызматташтарыма, биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазылык айтам. Мага ишенип, колдогондордун баарына рахмат” деди.

Абдылдаев 52 жашта. Ал министр болуп 2012-жылы дайындалган.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү менен чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын билдирүүлөрүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG