Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

ЭВФтин башчысы глобалдык соода системасын реформалоого чакырды


Кристин Лагард Индонезиядагы жыйында. 11-октябрь, 2018-жыл.
Кристин Лагард Индонезиядагы жыйында. 11-октябрь, 2018-жыл.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагард бул тууралуу бүгүн Индонезиядагы жыйында сүйлөгөн учурунда билдирди:

- Биздин эсеп боюнча азыркы соода тирешинин курчушу глобалдык ички дүң өнүмдү алдыдагы эки жылда дээрлик 1%га азайта алат. Андыктан биз бул тирешүүнү жөнгө салышыбыз зарыл. Бирок аны менен катар глобалдык соода системасын реформалап, аны жакшыртып, кыйла адилетүү, күчтүү, келечекте бардык өлкөлөр жана адамдар үчүн пайдалуу болгудай кылышыбыз абзел, - деди Лагард.

Дүйнөдө экономикалык жактан эң ири өлкө болуп эсептелген АКШ менен Кытайдын соода тиреши жана анын болжолдуу кесепеттери ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын Индонезиядагы бирелешкен жылдык жыйынынын башкы темаларынын бири болду.

Буга чейин ЭВФ дүйнөлүк экономиканын өсүү көрсөткүчтөрүн кайра карап, соода согуштарынан улам АКШнын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл мурда мерчемделгендей 2,9% эмес, 2,5% гана өсөт деп болжолдогон. Ал эми Кытайдын экономикасы 6,6% эмес, 6,2% гана кеңейет.

Быйыл июлдан бери АКШ үч айлампа менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард долларлык товарына 25%, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин койду.

Кытай да жооп катары үч баскыч менен АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25%, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф киргизди.

Муну менен Кытай өзүнө багытталган АКШнын бир жылдык экспортунун 85%, АКШ азырынча Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө кошумча салык салышты.

Ал эми эки ортодогу сооданын бир жылдык көлөмү былтыр америкалык статистика боюнча 635, 3 миллиард долларды түзгөн. Мунун ичинде Кытай АКШга 505,5 миллиард долларга (беш жүз беш миллиарддан ашуун) товар сатса, АКШнын Кытайга жиберген экспорту 129,8 миллиард долларга гана жеткен. Натыйжада Бээжин былтыркы соодада 375, 5 миллиард доллар утушка ээ болгон.

АКШнын бийлиги өз кадамын негизинен эки себеп: “соодада адилеттикти орнотуу" жана Кытайды “интеллектуалдык менчикти уурдоодон” баш тарттыруу менен түшүндүрүп келет.

Бээжин болсо, тескерисинче, АКШнын чараларын соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз экенин билдирүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG