Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Стамалиева: Кылычбек Султан айткандын баарын иликтедик, башпаанек сураганы түшүнүксүз


Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

“Президенттик аппарат Кылычбек Султан көтөргөн маселелерди көз жаздымда калтырбай териштирди. Андыктан анын башпаанек суроо жөнүндө чечимин түшүнө албай жатабыз” деп билдирди бүгүн “Азаттык” радиосуна мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева.

Стамалиева Кылычбек Султан буга чейин президенттин жеке кабыл алуусун суранып бир нече ирет кайрылганын, бирок ага Сооронбай Жээнбековдун бардык элчилер менен расмий жолугушуусу күз айларына пландалып жатканы тууралуу жооп берилгенин айтты:

- Кылычбек Султандын айткандарынын баары биз тараптан кабыл алынып, таза иликтенди, коомчулуктун көзөмөлүндө жасалып келе жатат. Эч кандай куугунтук болгон жок. Эмне үчүн башпаанек сураганын биз анча түшүнө албай турабыз.

Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын бүгүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды, бирок кайсы мамлекетте калууну чечкенин жарыялаган жок.

Султандын өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат, бирок “Азаттык” радиосунун жеке булактары маалымдагандай, ал башпаанек сурап Малайзиянын бийлигине кайрылды.

Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен ал Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Жакында Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

Бүгүн президенттин жарлыгы менен Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан алынды. Абдылдаев иштен өз каалоосу менен кеткенин жарыялады.

Кылычбек Султан "Фейсбуктагы" жеке баракчасына: "Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым" деп жазды. (RK)

XS
SM
MD
LG