Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:24

Түрк соту америкалык динаятчыны бошотууну чечти


Эндрю Брансон сотко жеткирилген учур. 12-октябрь, 2018-жыл.

Анкара менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык жаңжалга себеп болгон динаятчы Эндрю Брансонду бошотуу жөнүндө чечимин бүгүн Измир шаарынын соту чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Брансон үч жыл бир жарым айга кесилди, бирок ал жазасынын калган мөөнөтүн өтөбөйт жана Түркиядан АКШга кете да алат.

Түркияда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жашаган америкалык евангелист пастор 2016-жылы октябрда кармалып, тыңчылык жана терроризм боюнча айыпталган.

Түркиялык прокурорлор ал АКШдагы түрк диниятчысы, расмий Анкара 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары көргөн Фетхулла Гүлен менен карым-катышта болгонун да билдирген.

Америкалык диниятчынын өзү жана АКШнын бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышкан.

Эгер Брансон сотто ага коюлган айыптар боюнча толук күнөлүү деп табылса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле.

Анын маселеси АКШ менен Түркиянын мамилесин бузган. Быйыл августа Вашингтон Түркиянын эки расмий адамына каршы санкция киргизип, болот менен алюминийине бажы тарифтерин көтөргөн.

Түркияда улуттук акча лиранын куну кетишинин жаңы баскычы мына ушул кошумча бажы салыгын киргизилгенден кийинки учурга туш келген.

АКШнын президенти Дональд Трамп түрк бийлигин Брансонду тезинен бошотуу чакырып, администрация өкүлдөрү Анкарага каршы жаңы санкцияларды киргизилиши мүмкүн экенин эскертип жүрүшкөн. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG