Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Прокурор Каныбек Осмоналиевди 15 жылга камоону сурады


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-октябрда мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевге байланыштуу ишти карады. Анда тараптардын жарыш сөзү болуп, прокурор Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 15 жылга абакка камоону соттон суранды. Мындан сырткары, айыптоочу тарап анын үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштешине тыюу салууну да өтүндү.

Адвокат Жыргалбек Бабаев Каныбек Осмоналиевдин күнөөсү жоктугун, коюлган айыптар боюнча сотто далил табылбаганын “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин прокурордук система ушундай болуп калган. Осмоналиевдин күнөөсү жок, коюлган айыптардын бардыгы далилденген жок. 15 жылды негизсиз сурап жатат, - деди ал.

УКМК 2014-жылы 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча иш козгогонун, абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген.

2018-жылы мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.

Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан жана муну саясий негизде козголгон иш экенин белгилеп келет.

Каныбек Осмоналиев 2007-2012-жылдары билим берүү жана илим министри, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты болгон. Жактоочунун айтымында, сот иши 15-октябрда уланат. Анда тараптарга акыркы сөз берилип, өкүм чыгышы мүмкүн. (KE)

XS
SM
MD
LG