Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Берлинде расизмге каршы ири акция өттү


Берлинде уюштурулган акция. 22-октябрь, 2017-жыл.
Берлинде уюштурулган акция. 22-октябрь, 2017-жыл.

Ишембиде Германиянын баш калаасы Берлинде расизмге каршы ири демонстрация өттү. Уюштуруучулардын айтымында, Александерплацтан Жеңиш Колоннасына чейин созулган жүрүшкө 240 миң киши катышты.

Марш “жек көрүүчүлүккө, дискриминацияга жана улутчулдукка каршы” деген ураан менен өттү.

Акция “Бөлүнбөс” (Unteilbar) альянсынын демилгеси менен уюштурулган. Анын курамына 450дөн ашуун ар кандай уюм, демилгелүү топтор, бирикмелер жана жеке адамдар кирет.

Уюштуруучулар акцияга 40 миңдей киши катышат деп болжолдоп жатышкан, бирок иш жүзүндө чогулгандардын саны чейрек миллионго жакындады. Акция учурунда коомдук тартипти 900 полиция көзөмөлгө алып турду. Кармалгандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Марштын катышуучулары “Улутчулдарга орун жок”, “Деңизде кыйынчылыкка дуушар болгондорду куткаруу - кылмыш эмес” деген жазууларды көтөрүп жүрүштү. Марш Европага жакшы жашоо издеп келип, бирок жыл сайын миңдеген мигрант жана качкындар каза болгон Жер ортолук деңизиндеги куткаруу операцияларын колдоо максатында уюштурулду.

Демонстранттар оңчул радикалдар, антисемит жана расисттер тарабынан зомбулукка кабылгандарга тилектеш экенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG